Редакцияот 25.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2021-жылдын 25-марты № 9

Өрүктү-Сай айылынын тургундарынын арызы боюнча

Өрүктү-Сай айылынын Ак-Башат, Чаар-Айгыр көчөлөрүнүн тургундарынын жайкысын колдо калган малдары жайылуучу жайыты таарып кеткендигине байланыштуу Босого, Тепши жайыттарын элдин эсебине өткөрүп берүүгө уруксат берүү боюнча Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын II сессиясы токтом кылат:

 

1. Өрүктү-Сай айылындагы Босого, Тепши жайыттары жергиликтүү тургундардын жайкысын колдо калган малдарына жайыт катары пайдалануу үчүн берилсин.

2. Аталган жайыттарды мыйзамдуу жолу менен элдин эсебине өткөрүп берүү жайыт комитетине милдеттендирилсин.

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык Кеңешинин төрагасы:

Аким уулу Азамат