ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 25-марты № 10
Өздүк салым катары акча каражатын которуп берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын 2021-жыл 25-март кезектеги II сессиясынын №5 токтомунун негизинде, жайыт пайдалануучулар бирикмесине 25 тонналык 1 даана SINOTRUK HOWO жүк ташуучу автоунаасын Айыл Банктан лизингге 6 жылдык мөөнөткө сатып алууда, өздүк салым катары акча каражатын которуп берүүгө уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын II сессиясы токтом кылат:
1. Айыл аймактын бюджетинин жайыт бөлүмүндө, 3112 статьясында турган 377 000 (үч жүз жетимиш жети миң) сом акча каражаты жайыт пайдалануучулар бирикмесине Айыл Банктан лизингге сатып алынып жаткан техника үчүн өздүк салым катары которулуп берилсин.
2. Аталган акча каражаттарды которуп берүү ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | Аким уулу Азамат |