Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 25-марты № 11
Райондун өнүктүрүү фондуна сунушталуучу долбоор үчүн айыл аймактын атайын каражат эсебинен өздүк салымды бөлүп берүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын Орто-Токой айылындагы Үч-Терек орто мектебине 40 орундуу ашкананын курулушу долбоорун райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо үчүн айыл аймактын атайын каражат эсебинен өздүк салымын бөлүп берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын II сессиясы токтом кылат:
1. Орто-Токой айылындагы Үч-Терек орто мектебине 40 орундуу ашкана куруу үчүн өздүк салым катары айыл аймактын атайын каражат эсебинен 157 530 (жүз элүү жети миң беш жүз отуз)сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Аталган акча каражатын бөлүп берүү айыл аймактын ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | Аким уулу Азамат |