ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 25-марты № 12
Өрүктү айыл аймагынын Бүбү эне участогундагы жаңгак бакка Турсункулов Акимдин атын ыйгаруу жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын айылдарынын тургундарынын 2021-жыл 15-февралдагы кайрылуу катынын негизинде Өрүктү айылынын Бүбү эне участогундагы жаңгак бакка Турсункулов Акимдин атын ыйгаруу максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын II сессиясы токтом кылат:
1. Турсункулов Аким өз айылынын өнүгүүсүнө салым кошкон жана өз жергесине кызмат көрсөткөн деп белгиленсин.
2. Айыл аймактын тургундарынын кайрылуулары эске алынып, Өрүктү айылынын Бүбү эне участогундагы жаңгак бакка Турсункулов Акимдин аты ыйгарылсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык тармактар, жаштар, укук, мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | Аким уулу Азамат |