Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын
2021-жылдын 17-майы № 2
Өрүктү айылдык Кеңешинин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо боюнча жашыруун (жабык) добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын жана Өрүктү айылдык Кеңешинин регламентинин негизинде эсептөө комиссиянын курамы токтом кылат:
1. Өрүктү айылдык Кеңешинин төрагасын жана анын орун басарын жашыруун (жабык) добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын курамынын чечимине ылайык төрагалыкка талапкерлер: Аким уулу Азамат 7 (жети) добуш, Усенбаева Калчабү Сатимбаевна 13 (он үч) добуш, баарына каршы 1 (бир) добуш; ал эми төраганын орун басарына Анарбаев Бостон Шайлыбаевич 7 (жети) добуш, Арстанбеков Жумадил Аскарбекович 12 (он эки) добуш, Наримбетов Султанбек Турдумамбетович 2 (эки) добуш алгандыгы белгиленсин.
2. Көпчүлүк добушка ээ болгондугуна байланыштуу Өрүктү айылдык Кеңешинин төрайымы болуп Усенбаева Калчабү Сатимбаевна, анын орун басары Арстанбеков Жумадил Аскарбекович шайланды деп эсептелсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду бекитип берүү Өрүктү айылдык Кеңешинен суралсын.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: | З.Б. Бөрүбеков |