Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын
2021-жылдын 17-майы № 3
Өрүктү айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана анын курамын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Өрүктү айылдык Кеңешинин күн тартибиндеги маселе боюнча Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 1-уюштуруу сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айылдык Кеңешинин 5 (беш) туруктуу комиссиясы:
- Бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча;
- Социалдык тармактар, укук, мыйзамдуулук жана этика боюнча;
- Жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт боюнча;
- Өндүрүш, транспорт, өнөр жай жана муниципалдык менчик боюнча;
- Жаштар, Спорт жана маданият боюнча комиссияларынан түзүлсүн.
2. Өрүктү айылдык Кеңешинин;
- Бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Аким уулу Азамат, мүчөлөрү Элтүзерова Гүлнура Жаныкуловна, Турдиева Гүлүмкан Эшалыевна жана Бөрүбеков Замирбек Баймырзаевичтер шайлансын.
- Социалдык тармактар, укук, мыйзамдуулук жана этика боюнча комиссиясынын төрагасы Токтомушев Акылбек Эгембердиевич, мүчөлөрү Бузурманкулова Тинатин Эрбаевна, Өмүрзакова Ыкылым Таштемировна, Оңолбаева Толгонай Кочкоралыевналар шайлансын.
- Жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар экология жана жайыт боюнча комиссиясынын төрагасы Абдиев Санжар Мавлянкулович, мүчөлөрү Абдираимов Нурбек Койчукулович, Анарбаев Бостон Шайлыбаевич, Дооронбеков Азамат Насирдиновичтер шайлансын.
- Өндүрүш, транспорт, өнөр жай жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясынын төрагасы Сатыбеков Сатылган Ыстамалиевич, мүчөлөрү Бекназарова Гүлмира Аширбековна, Чолпонкулова Гүлжамал Нарбаевна жана Наримбетов Султанбек Турдумамбетовичтер шайлансын.
- Жаштар, спорт жана маданият боюнча комитетинин төрагасы Аракеев Шумкарбек Ызаканович, мүчөлөрү Сапарова Бүбайша Турдалиевна жана Темиралиев Раймалы Кулмаматовичтер шайлансын.
3. Туруктуу комиссиялардын төрагаларына өз комиссиясынын мүчөлөрү менен биргеликте өздөрүнүн туруктуу комиссиясынын иш планын даярдоо милдеттендирилсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Арстанбеков Жумадил Аскарбековичке милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |