Редакцияот 28.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2021-жылдын 28-майы № 2

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

Өрүктү айылдык аймагындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга бюджетин бекитүү боюнча Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:

 

1. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата бюджети сметага ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2. “Тазалык” муниципалдык ишканасына Өрүктү айыл аймагынын 2021-жылдагы бюджетинин сметасында каралган 400,0 (төрт жүз) миң сом акча каражатын иштетүүгө уруксат берилсин.

3. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата өздүк кирешеси 403,3 миң сом, айыл аймагынын бюджетинен каралган 450,0 миң сом, жалпы кирешеси бардыгы 853, 0 (сегиз жүз элүү үч) миң сом болуп бекитилсин.

4. “Тазалык” муниципалдык ишканасына түшкөн өздүк кирешелерин сарптоо үчүн айылдык Кеңештин сессияларына сунуш менен кайрылуу жагы МИ жетекчиси Сүйүмкулов Сапарбек Орунбаевичке милдеттендирилсин.

5. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын иш жүргүзүүсүн көзөмөлдөө айыл аймак башчысына тапшырылсын.

6. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

 

Айылдык Кеңешинин төрайымы:

К.С. Усенбаева