ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2021-жылдын 28-майы № 3
Өрүктү айыл аймагында “Энелер мектебин” уюштурууга уруксат берүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагында аялдардын психологиялык, моралдык деңгээлин өстүрүү ар тараптуу өнүгүү, балдардагы бардык жакшы сапаттардын көпчүлүгү энелерден өткөнүн эске алып, үй-бүлөдө балдарды мектепке даярдоо, миграцияда жүргөн ата-энелердин балдарына өзгөчө көңүл буруу, акыл-эс, адеп-ахлактык тарбиясы жөнүндө алгачкы педогогикалык маалымат берүү үчүн Өрүктү айыл аймагында “Энелер мектебин” уюштурууга уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагында “Энелер мектебин” уюштуруу боюнча Элтузерова Гүлнура Жаныкуловнанын билдирүүсү эске алынсын.
2. “Энелер мектебин” уюштурууда бардык иш кагаздарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктоо жагы демилгечи Г. Элтузеровага жүктөлсүн.
3. “Энелер мектебин” уюштурууда айыл аймактагы мектепке чейинки билим берүү уюмдары, жалпы орто билим берүүчү мектептер, ФАП жетекчилери, маданият кызматкерлери жана айыл аймактын социалдык адистери тарабынан колдоо көрсөтүлсүн.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык тармактар, укук, мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |