Редакцияот 28.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2021-жылдын 28-майы № 6

Акча каражаттарын бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө

Өрүктү айыл аймагынын Соломо участкасына курулушу пландалып жаткан мал базардын ДСД, АПШ, ИТШ, кадастрдык документтерин даярдоо үчүн жана Өрүктү-Сай айылынын борбордук көчөсүн жарыктандыруу үчүн алынган жабдууларды орнотуу жана монтаждоо иштерин аткарууга акча каражатын бөлүп берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:

 

1. Өрүктү айыл аймагынын Соломо участкасына курулушу пландалып жаткан мал базардын ДСД, АПШ, ИТШ жана кадастрдык документтерин даярдоо үчүн 140,0 (бир жүз кырк) миң сом каралсын.

2. Өрүктү-Сай айылынын борбордук көчөсүн жарыктандыруу үчүн алынган жабдууларды орнотуу жана монтаждоо иштерин аткарууга 70,0 (жетимиш) миң сом акча каражаты каралсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго милдеттендирилсин.

4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык Кеңешинин төрайымы:

К.С. Усенбаева