ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 26-июну № 2
Өрүктү айылындагы уюштурулуп жаткан эсалуу багына ысым ыйгарууу жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын муниципиалдык менчигинде турган 4,7 га жер аянтына уюштурулуп жаткан эсалуу багына Өрүктү айыл аймагынын айылдарынын тургундарынын 2021-жыл 26-мартындагы кайрылуу катын эске алып Эшбаев Мураталынын атын ыйгаруу максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын III сессиясы токтом кылат:
1. Айыл аймактын тургундарынын кайрылуулары эске алынсын.
2. Өрүктү айылындагы уюштурулуп жаткан эсалуу багына Эшбаев Мураталынын ысымы ыйгарылсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык тармактар, жаштар, укук, мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Токтомушев Акылга жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |