ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 26-июну № 3
Соломо участкасына муниципиалдык менчиктеги мал базар куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын Соломо участкасындагы айыл чарбасына, жайытка жараксыз, таштак 3,08 га жер аянтына муниципиалдык менчиктеги мал базар куруу үчүн иш кагаздарын даярдоого уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Соломо участкасында жайгашкан айыл чарбасына, жайытка жараксыз, таштак 3,08 га жер аянты муниципиалдык менчиктеги мал базар куруу үчүн ажыратылып берилсин.
2. Муниципиалдык менчиктеги мал базарды куруу үчүн керектүү иш кагаздарын КР Мыйзамдарынын чегинде даярдоо айыл аймак башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |