ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 26-июну № 4
Соломо участкасында уюштурулуп жаткан муниципиалдык мал базардын курулушуна керектүү болгон акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын Соломо участкасындагы уюштурулуп жаткан муниципиалдык менчиктеги мал базардын курулушуна керектелүүчү акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Соломо участкасында 3,08 га жер аянтына уюштурулуп жаткан муниципиалдык мал базарды куруу үчүн керектүү болгон 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты жайыт комитетинин атайын эсебинен жардам иретинде ажыратылып берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү ЖПБнин бухгалтери Р. Койчубаевге милдеттендирилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү статьялардан Мыйзам чегинде бөлүштүрүү ФЭБнин башчысы М. Осмонбековго жүктөлсүн.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |