Редакцияот 26.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2021-жылдын 26-июну № 7

2022-жылдын бюджетинин долбоору үчүн айыл аймактын айылдарында бюджеттик угууларды өткөрүүнун графигин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын финансы минстрлигинин талабына ылайык, Өрүктү айыл аймагынын 2022-жылдагы бюджетинин долбоорун даярдоо үчүн айыл аймактын айылдарында бюджеттик угууларды өткөрүү боюнча график түзүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:

 

1. Өрүктү айыл аймагынын 2022-жылдагы бюджетинин долбоорун даярдоодо айыл аймактын айылдарында бюджеттик угуулар уюштурулсун.

2. Бюджеттик угууларды уюштурууда уюштуруу тобун Мыйзам чегинде түзүү айыл аймак башчысына милдеттендирилсин.

3. Бюджеттик угуулардын өткөрүү графиги айылдар боюнча төмөнкүдөй бекитилсин:

- 8-июль саат 10.00 - Өрүктү-Сай айылы;

- 8-июль саат 14.00 – Кең-Кол айылы;

- 9-июль саат 10.00 – Өрүктү, Орто-Токой, Чолок-Тума айылдары.

4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы, инвестиция боюнча жана социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык Кеңешинин төрайымы:

К.С. Усенбаева