ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 26-июну № 9
Кең-Кол айылынын таза суу долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын Кең-Кол айылынын таза суу долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана баштапкы сметасын кайрадан иштеп чыгуу үчүн керектелүүчү акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Кең-Кол айылынын таза суу долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилсин.
2. Кең-Кол айылынын таза суу долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоордун автору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана келишимдерди түзүү жагы айыл аймак башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |