ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2021-жылдын 15-июлу № 1
2021-жылдын III кварталынын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу түрткү берүүчү грантка сунушталган долбоор үчүн өздүк салымдын жетишпегендигине байланыштуу 2021-жылдын II кварталына карата киреше планынан ашыкча түшкөн каражатты жылдыруу боюнча ФЭБ нүн башчысынын билдирүүсүн эске алып Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагынын ФЭБ нүн башчысы М. Осмонбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. 2021-жылдын II кварталына карата киреше планынан ашыкча түшкөн каражаттан 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты аппараттын 3111 статьясына жылдырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |