Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 4-августу № 1
“Көк бөрү” оюнун уюштуруу үчүн жер аянтын ажыратып берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Спорттук оюндар (“Көк бөрү” оюнун) уюштуруу үчүн Өрүктү айыл аймагынын Соломо участкасындагы айыл чарбага жараксыз, башка багыттагы (прочий) 2 га жер аянтын убактылуу пайдаланууга уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат:
1. Соломо участкасындагы айыл чарбага жараксыз, башка багыттагы (прочий) 2 га жер аянты “Көк бөрү” оюнун уюштуруу үчүн убактылуу пайдаланууга ажыратылып берилсин.
2. Жер аянтын ажыратып берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |