Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 4-августу № 2
Жайыт жерлерин аарычыларга убактылуу пайдалануу үчүн ырааттуу бөлүштүрүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын жайыт жерлеринен аарычылар үчүн убактылуу пайдаланууга ырааттуу бөлүштүрүп берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагына аары челектерин жайгаштыруу Өрүктү жайыт пайдалануучулар бирикмеси жана “АЛА ААРЫ” коммерциялык кооперативинин уруксаты менен гана жүргүзүлсүн.
2. Ар бир аарычынын аары челектерине болгон “аары челектеринин ветеринардык паспорту” болуусу шарт жана бул жаатта ветеринардык көзөмөлдөө жагы айыл аймактын ветеринарына жана “АЛА ААРЫ”коммерциялык кооперативине жүктөлсүн.
3. Өрүктү айыл аймагынын аарычыларынын, “АЛА ААРЫ” коммерциялык кооперативинин мүчөлөрүн кошпогондо айыл аймакка кирген ар бир аарычы патент түрүндө салыктын төлөмдөрүн айыл өкмөттүн бюджетине түшүрүүгө милдеттендирилип жана аталган ишти уюштуруу жагы айыл өкмөттүн салык кызматкерлерине жүктөлсүн.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |