Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 4-августу № 3
Өрүктү айылынын тургундарынын кайрылуу каты боюнча
Улуттук ден-соолук программасынын аткарылышын камсыз кылууда, калктын ден-соолугун чыңдоону эске алып, кандан аныкталуучу анализдин бардык түрлөрүн текшерүүчү мамлекеттик лабораторияны район аймагына куруу зарылчылыгын ишке ашыруу максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айылынын тургундарынын кайрылуулары эске алынып, кайрылуунун негизинде, район аймагына мамлекеттик лаборатория куруу боюнча жогорку органдарга сунуш берилсин.
2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык тармактар, укук, мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |