Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 4-августу № 4
Айыл аймакка кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноочу техника алуу боюнча
Өрүктү айыл аймагынын тургундарынын кайрылууларын эске алып, айыл аймакка кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноочу техника (комбайн) сатып алууну ишке ашыруу максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айылынын тургундарынын кайрылуулары эске алынсын.
2. Айыл аймакка дан эгиндерин оруп-жыйноочу техника (комбайн) сатып алуу үчүн долбоор даярдоо жана аны райондук, областтык өнүктүрүү фондуна сунуштоо айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар экология жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясы
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |