Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 4-августу № 5
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын Кең-Кол, Өрүктү-Сай, Өрүктү, Орто-Токой жана Чолок-Тума айылдарынын ички жолдорун оңдоо, сүрүп-тегиздөө үчүн акча каражатын бөлуп берүүгө уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагынын Кең-Кол, Өрүктү-Сай, Өрүктү, Орто-Токой жана Чолок-Тума айылдарынын ички жолдорун оңдоо, сүрүп-тегиздөөгө керектелүүчү чыгымдар үчүн айыл аймактын бюджетинен 200 000 (эки жүз миң) сом ажыратылып берилсин.
2. Акча каражатын тиешелүү статьялардан бөлуп берүү жагы айыл аймактын ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик тармактар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |