Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 4-августу № 6
Өрүктү айыл аймагынын Соломо участкасындагы 6 га жер аянтын ижарага берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 7-беренесинин 2-пунктуна ылайык Өрүктү айыл аймагынын Соломо участкасындагы 6 га жер аянтын көп жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат:
1. Соломо участкасындагы 6 га жер аянты “ТК “Мурас” ЖЧКнын жетекчиси Турсунбаев Өмүралы Турсунбаевичке көп жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жана жеке ишкер менен эки тараптуу келишим түзүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |