Загрузка документа…
АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2020-жылдын 27-ноябры № 50 “а”
Айдаралиев айылдык аймагындагы билим берүү мекемесине жакшы шарт түзүп берүү үчүн Р.Айдаралиев орто мектебинин класстарынын терезелерин заманбап пластик терезелерге алмаштыруу долбоору жөнүндө
Айдаралиев айыл аймагындагы коомдук уюмдарынын жана жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде Айдаралиев айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамынын принциптерин жана алардын иштерин жакшыртуу максатында билим берүү мекемесине жакшы шарт түзүп берүү үчүн Р.Айдаралиев орто мектебинин класстарынын терезелерин заманбап пластик терезелерге алмаштыруу долбоорун даярдаган Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап:
Айдаралиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн балансында, Айдаралиев айылдык аймагынын борбордук бөлүгүндө турган Р.Айдаралиев орто мектебинин терезелерин заманбап пластик терезеле-лерге алмаштыруу үчүн долбоордун жалпы сметалык баасы 3,496,788 (үч миллион, төрт жүз токсон алты миң, жети жүз сексен сегиз) сом; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Каржы министирлиги тарабынан берилүүчү дем берүүчү гранттарда муктаждык 2,972,268 (эки миллион, тогуз жүз жетимиш эки миң, эки жүз алтымыш сегиз)сом суралсын.
2. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн балансындагы, Айдаралиев айылдык аймагынын борбордук бөлүгүндө турган Р.Айдаралиев орто мектебинин терезелерин заманбап пластик терезелерге алмаштыруу үчүн долбоордун өздүк каражатынын бөлүгүн 524,520 (беш жүз жыйырма төрт миң, беш жүз жыйырма) сомдук өздүк салымды Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн балансында, Айдаралиев айылдык аймагынын борбордук бөлүгүндө турган Р.Айдаралиев орто мектебинин терезелерин заманбап пластик терезелерге алмаштыруу үчүн долбоорду,Талас райондук түрткү берүүчү грант боюнча комиссиясына сунушталсын.
4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы жана анын аткарылышы боюнча Айдаралиев айыл өкмөтүнун башчысы Токтомушов Шаршенбек Сапаровичге тапшырылсын.
Төрага | Ч. Айдаров |