Загрузка документа…
АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2021-жылдын 29-январы № 4
Прокуратуранын каршылык билдирүүсү жөнүндө
Айдаралиев айылдык кеңешинин сессиясы Талас райондук прократурасынын 2021-жылдын 20-январдагы № 131-20 номерлүү каршылык билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаралиев айылдык кеңешинин 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 08, 2016-жылдын 03-мартындагы №08 ,2017-жылдын 07-июунундагы №23 жана 2019-жылдын 29-майындагы № 32 сарайлардан 1000 (миң) сом өлчөмүндөгү салыктар алынсын деген токтомдору Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин талаптарына ылайык жергиликтүү салыктар берилген ыйгарым укуктардын чектеринен ашпоо керектиги эске алынып жогруда көрсөтүлгөн токтомдор жокко чыгарылсын.
2. Салык өндүрүүдө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин чегинен ашпоо боюнча киреше боюнча адистерге эскертилсин.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Ш.Токтомушовго жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Айдаров |