Редакцияот 24.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

2021-жылдын 24-майы № 5

Сыдыкова Майрамкүлдүн арызы жөнүндө

Айдаралиев айылдык кеңешинин сессиясы Сыдыкова Майрамкүлдүн Көпүрө-Базар айылынын С.Камчыбек көчөсүндө жашаган кызы Касымбекова Заринанын үй-бүлөлүк абалы боюнча жазган арызын карап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сыдыкова Майрамкүл Көпүрө-Базар айылынын С.Камчыбек көчөсүндө жашаган кызы Касымбекова Заринанын үй-бүлөлүк абалы боюнча айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адистерине изилдөө актысын түзүү жагы милдеттендирилсин.

2. Касымбекова Заринанын маселеси боюнча Соц.адистер тарабынан Талас райондук Балдарды коргоо бөлүмүнө билдирүү жөнөтүлсүн жана кеңеш тарабынан корутунду жазылып берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Маданиятты өнүктүрүү, билим берүү, жаратылышты коргоо жана байланыш-соода, элге кызмат көрсөтүү боюнча комитетке жүктөлсүн

 

Төрайым

А. Токтогулова