Загрузка документа…
КАРА-ЖАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Жал айылдык кеңешинин депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы
2020-жылдын 11-июну № 17
“Кара-Жал айылдык кеңешинин ХХIV чакырылышынын 2007-жылдын 26-декабырындагы кезектеги 12- сессиясынын № 22 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кара-Жал айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 2019-жылдын 15-апрелиндеги кезектеги 14 - сессиясынын № 10- токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 31.01.2018-жылдагы № 512 токтому менен бекитилген “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлѳрүнѳ которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнѳ киргенге чейин жеке турак үйлѳр салынып калган же жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү ѳз алддынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу” убактылуу тартибинин шарттарына ылайык Кара-Жал айыл аймагы боюнча айыл чарба багытындагы жерлерди калктуу конуш категориясына которуу иштеринин жүрүшүндѳ трансформациялоого кетүүчү жерлерге мамлекеттик акт алуу боюнча кайрылганда мамлекеттик каттоо кызматынан Жаны-Арык айылындагы трансформациялоого кетүүчү жерлерге мамлекеттик акт алуу № 739-контурундагы 5,50 га жер тилкесинен 3 жаранга үлүш жер катары жерлер берилип кеткени аныкталган. Бул жерлердин берилиши мыйзамдуу экендигин териштирип аныктоо иштерин жүргүзүү айылдык кенештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылды. Аталган маселени карап талкуулап чыгып, айылдык кенештин депутаттары токтом кабыл алышты.
1. Кара-Жал айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айылдарында жашаган элдин санынын жана түтүндөрдүн көбөйүшүнө байланыштуу айылдардагы айыл чарба багытындагы жалпы 92,5 га жердин өлчөмү белгилүү себептер менен азайгандыгына байланыштуу Кара-Жал айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 2019-жылдын 15-апрелиндеги кезектеги 14- сессиясынын № 10-токтомуна 1-пунктуна өзгөртүү киргизилип, Жаны-Арык айылынан трансформациялоого кетүүчү жер участокторунун ѳлчѳмүнѳ ѳзгѳртүү киргизилип, № 739-контурдагы 5.5 га жер алынып салынып, төмөнкүдөй окулсун:
Кара-Жал айыл өкмөтү боюнча айыл чарба багытындагы жерлерден калктуу конуш категориясына которууга (трансформациялоого) кетүүчү жерлердин контурлары жана өлчөмдөрү
Жаңы-Арык айылы боюнча
№ 740 контурдан 24,8 га жер участогу
Бардыгы - 24,80 га
Тегизчил айылы боюнча
№ 572 контурдан 2,5 га жер участогу
№ 539 контурдан 1,4 га жер участогу
№ 536 контурдан 22, 4 га жер участогу
Бардыгы - 26,3 г
Боз-Булуң айылы боюнча
№ 164 контурдан 25,6 га жер участогу
№ 166 контурдан 1,3 га жер участогу
№ 229 контурдан 5,0 га жер участогу
Бардыгы - 31,9 га
Кара-Жал айылы боюнча
№ 255 контурдан 4,0 га жер участогу
Бардыгы - 4,0 га
Бардыгы Кара-Жал айыл аймагы боюнча 87 (сексен жети)га.
2. Район аймагында жер участокторун которуу иштерин алып баруучу туруктуу комиссияга ушул токтомдун негизинде Кара-Жал айыл аймагы боюнча жалпы 87,0 га жерди трансформациялоого макулдук берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылсын.
Төрага | Жумашов Р.О. |