КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2022-жылдын 17-февралы № 6/2
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Айыл аймакты социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү,бюджет маселелери , анын ичиндеги кичи комиссиялар : чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, инвестиция тартуу , өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2022-жылга киреше-чыгаша бөлүгү жалпы 9779,0 миң сомго бекитилсин.
2. 2022-жылга Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып Хелветас жана Өнүктүрүү саясат институту аркылуу ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору алкагында семинар тренинг өткөрүүгө 2022-жылга каржыланып жаткан 62 000 сом акча каражатын Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” талаптарына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысы А. Алишеровго жана финансы экономика башчысы Г. Карымшаковага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу бюджет маселери боюнча туруктуу комиссиясына төрайымы А Жумалиевага тапшырылсын
5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | С.Дженалиев |