КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2022-жылдын 17-февралы № 6/3
2022-жылга жайыт жерлерин башкаруу планын, жайыт комитетинин бюджети жана жайытты колдонууга байланыштуу ички эрежелери жөнүндө
Кетмен- Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин 2022-жылга жайыт жерлерин башкаруу планын, жайыт комитетинин бюджети жана жайытты колдонууга байланыштуу ички эрежелери жөнүндө айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин жана жайыт комитетинин төрагасы Г.Кудабаевдин ,бухгалтери У.Масирбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:
1. Кетмен- Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин жайыт жерлерди 2022-жылга карата пайдалануу планы жактырылсын.
2. 2022-жылга чогултула турган жайыт акысынын планы 600 000 сомго белгиленсин.
3. Жайыт жерлерди пайдалануу эрежелерин жана атайын техникалар менен кошумча кызмат көрсөтүү тарифтери 2022-жылдын 4-мартына чейин иштелип чыгып элдик жыйында каралып, кийинки сессияга айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусу менен кароого койулсун.
4. Жайыт пайдалануучулар менен жайыт пайдалануу боюнча келишимди 2022-жылдын март,апрель айына чейин түзүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Г.Кудабаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | С.Дженалиев |