КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2022-жылдын 17-февралы № 6/4
“Кетмен- Дөбө Таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата сметасын, штаттык бирдигин, таштанды чыгаруу жана таза суу боюнча төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кетмен- Дөбө айыл аймагынын“Кетмен- Дөбө Таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата сметасын,штаттык бирдигин,таштанды чыгаруу жана таза суу боюнча төлөмдөрүн бекитүү жөнүндөгү айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Кетмен- Дөбө айыл аймагынын “Кетмен- Дөбө Таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга иш планы жактырылсын.
2. “Кетмен- Дөбө Таза аймак” муниципалдык ишканасынын калкка кошумча кызмат кылуу эрежелери 2022-жылдын 4-мартына чейин иштелип чыгып, элдик жыйынга койулуп,тиешелүү туруктуу комиссиясынын кортундусу менен кийинки сессиянын кароосуна койулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл аймакты социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү,бюджет маселелери , анын ичиндеги кичи комиссиялар : чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, инвестиция тартуу , өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | С.Дженалиев |