Редакцияот 17.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2022-жылдын 17-февралы № 6/5

Кетмен- Дөбө айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижара акысын көтөрүү жөнүндө

Кетмен- Дөбө айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижара акысын көтөрүү боюнча айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Көксариевдин протоколдук чечимин жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алишеровдун айыл өкмөтүнүн жер адиси Токтоболот уулу Медеткандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:

1. Айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Көксариевдин Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алишеровдун жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Токтоболот уулу Медеткандын билдирүүсү жактырылсын.

2. Кетмен- Дөбө айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижара акысы №1 жана №2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысыА.Алишеровго жана финансы экономика башчысы Г.Карымшаковага милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл жана мал чарбачылык,ветеринария жана жер маселелери боюнча ,анын ичиндеги кичи комиссиялар: экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Көксариевге тапшырылсын.

5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

С.Дженалиев

 

 № 1 тиркеме

ФПСтин  жерине жана жайыт жерлеринен өздөштүрүлгөн жерлерге 2022-жылга

1га жер аянтына сунушталган ижара акынын  баасы.

№

Жерлердин  аталышы

2021-ж.

баа

2022-жылга сунушталган ижара акы

Макулдашылган баа

1

М2    (фпс)

600

2000

 

2

Лоп

-

4000

 

3

Кара-Ой

-

4000

 

4

Ак-Там

-

4000

 

5

Жуут

-

4000

 

6

Гараждын алды

-

4000

 

7

Көп жылдык бак (фпс)

600

4000

 

8

Терек-Суу

-

4000

 

9

Мамыткул

-

3000

 

10

Шакырбек

-

3000

 

11

Жалгыз-Тал

-

2000

 

12

Үңкүр (фпс)

2000

5000

 

13

Топчубай (фпс)

1100

4000

 

14

Ууру-Сай

-

2500

 

15

Бекмат (фпс)

1000

4000

 

16

Бектур (фпс)

1100

2500

 

17

Акун (фпс)

1000

2500

 

18

Барчын

-

2500

 

19

Кайрак жерлер (фпс)

500

1500

 

20

Маданбек (фпс)

900

1500

 

21

Алапай (фпс)

700

1500

 

22

Кырк-Казык

-

4000

 

23

КРС

-

4000

 

24

Күн-Тийбес

-

4000

 

25

Сары-Булак

1000

4000

 

26

Кумурска-Бел (фпс)

600

2000

 

27

Бөксө

600

2500

 

28

Чоң-Бөксө (фпс)

1500

2000

 

29

Жаңы-Арык (фпс)

700

2000

 

30

Калктын аярлуу катмарына (өтө жакырларга)

-

50% жеңилдик

 

 

Комиссиянын  төрагасы

 Мүчөлөрү:

О.Көксариев

Р.Алманбетов

Ж.Жумабаев

А.Тилепов

А.Артыкбеков

А.Артыкбеков

Жуманалы у Т

 

 

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн айыл чарба жер адиси:

Токтоболот уулу М

 

№2 тиркеме

Муниципалдык менчикте турган жерлерге 2022-жылга 1га жер аянтына сунушталган ижара акынын  баасы.

№

Жерлердин  аталышы

2021-ж.

баа

2022-жылга сунушталган ижара акы

 

Макулдашылган баа

1

Мунципалдык менчиктеги жерлер

 

4000

 

 

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы:

жер адиси;

Алишеров А.С

Токтоболот у Медет