МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-февралы № 7-9-4
Майлуу-Суу шаарынын шаар аймагында 2022-жылда аткарыла турган жумуштардын титулдук тизмесин бекитүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын аймагында 2022-жылда аткарылуучу жумуштарга карата түзүлгөн титулдук тизменин негизинде шаардын 1-Вице-мэринин маалыматын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын 1-Вице-мэринин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын шаар аймагында 2022-жылда жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча аткарыла турган жумуштардын титулдук тизмеси 3058,5 миӊ сомго (Тиркеме) бекитилсин.
3. Титулдук тизмеге кошумча киргизилген маселелер Титулдук тизмедеги иштетилбей калып кеткен акча каражаттардын эсебинен жежергиликтүү бюджетке кошумча түшкөн акча каражаттардан каржылануусу каралсын жана шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечими менен уруксат берилип иштетилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы шаардын мэрине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин төрагасы: | А.М.Киргизбаев |
|
Тиркеме
Майлуу-Суу шаардык
Кеңешинин
24.02.2022ж.№7-9-4
токтомуна
| Майлуу-Суу шаарында 2022-жылы аткарыла тургун жумуштардын титулдук тизмеси | ||||||
№ | Иш-чаранын аталышы | Сметалык баасы | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар | Каржылоо булагы | Эскертүү | |
Баардыгы | бюджеттен каржыл. | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
1 | Таштандыларды чыгаруучу атайын техника алуу | 1400,0 | 1400,0 | 2022ж. | ГЖЗС | Жергиликтуу бюджет |
|
2 | Шаардын өзгөчө кырдаалдар боюнча кол тийгис акча каражат. | 300,0 | 300,0 | 2022ж. | ММБ, ГЖЗС | Жергиликтуу бюджет |
|
3 | шаардын борбордук таштандыларды топтоочу жайдын айланасына коргон куруу | 617,0 | 617,0 | 2022ж. | ГЖЗС | Жергиликтүү бюджет |
|
4 | Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы боюнча проект менен иш алып баруу. | 100,0 | 100,0 | 2022ж. | ММБ, ГЖЗС | Жергиликтүү бюджет |
|
5 | Горжилзеленстрой мекемесине бирдиктүү терезе орнотуу | 112,5 | 112,5 | 2022ж. | ГЖЗС | Жергиликтүү бюджет |
|
6 | Верхняя көчөсүнө кичи көпүрөнү курууну аяктоо | 52,0 | 52,0 | 2022ж. | ММБ | Жергиликтүү бюджет |
|
7 | Шаардын №8-мектебинин эшик терезелерин жаңылоо | 71,0 | 71,0 | 2022ж. | ГоРОО | Жергиликтүү бюджет |
|
8 | Шаардын калкты борбордук тейлөөчү жайын оңдоодон өткөрүү | 300,0 | 300,0 | 2022ж. | ММБ | Жергиликтүү бюджет |
|
9 | Видео камераны интернетке улоо үчүн | 32,0 | 32,0 | 2022ж. | ММБ | Жергиликтүү бюджет |
|
10 | Архивдин имаратынын ички бөлүгүн оңдоого | 74,0 | 74,0 | 2022ж. | Мэрия | Жергиликтүү бюджет |
|
| Эскертүү: Ар бир объектке көрсөтүлган суммалар болжолдуу |
|
|
|
|
|
|
| Жергиликтүү бюджет |
|
|
|
|
|
|
| Жалпы: | 3058,5 |
|
|
|
|
|
Шаардын мэри: | Н.Э.Умаров |