Редакцияот 08.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 9-сессиясы

2021-жылдын 8-декабры № 1

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер аянтын Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнө өткөрүп берүү жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Мамажакыповдун жана жер маселелери боюнча жер адиси З.Исаковдун Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн 2021-жылдын 2-декабрында № 35 чыгыш сандуу кайрылуу катына ылайык Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер аянтын Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнө өткөрүп берүү жөнүндө сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган тактап айтканда Чоң-Алай райондук маданият бөлүмү олтурган эски имараттын орду 600,21м2 жер аянтын Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнө мөөнөтсүз пайдалануу үчүн өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын жер кодексине жана мыйзамдарына ылайык даярдоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Мамажакыповго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

Г.Мадалиев