Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы

2022-жылдын 21-январы № 2

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдагы бюджетинин сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь айларындагы аткарылышын кароо жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Мамажакыповдун жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Кадыровдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдагы сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь айларындагы аткарган иштери тууралуу билдирүүсүн Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 10-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь айларындагы киреше бөлүгү 768 984,84 сомго бекитилип, ал эми чыгаша бөлүгү 591 968,44 сомду түзүп

- эмгек акыларга 323 478,40 сом

- социалдык муктаждыктар үчүн чегерүүлөргө 17,25 % 55 800,04 сом

- сапар чыгымдарына 15 710 сом

- күйүүчү майга 90 000 сом

- башка товарларды жана кызматтарды сатып алууга 2 780 сом

- запастык бөлүктөрдү сатып алууга 104 200 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

Г.Мадалиев