Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы

2022-жылдын 21-январы № 6

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Мамажакыповдун жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Кадыровдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата бюджетинин долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 10-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата кирешеси 2 730 757 сомго бекитилип, ал эми чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.

- эмгек акыларга 1 160 446,20 сом

- киреше салыгына 47 896,80 сом

- социалдык камсыздандыруу фондуна (2%) 9 756 сом

- пенсиялык фондго (8%) 89 676 сом

- социалдык муктаждыктар үчүн чегерүүлөргө (17,25%) 193 364 сом

- эмгек акыларга (МТС) 137 253,60 сом

- сапар чыгымдарына 55 000 сом

- байланыш кызматтарына 18 000 сом

- таза суунун санитардык-гигиеналык аналазин текшерүүгө 30 000 сом

- күйүүчү майларга 275 000 сом

- запастык бөлүктөрдү сатып алууга 370 000 сом

- башка товарларды жана кызматтарды сатып алууга 60 000 сом

- электр энергияга 74 972,40 сом

- чарбалык буюмдарды сатып алууга 200 000 сом

- Ар түрдүү чыгымдарга (конц.Товар, хох.товар, электро товар, картридж ж.б) 9 392 сом      

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

Г.Мадалиев