Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы

2022-жылдын 21-январы № 9

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинен 2022-жылга калган калдыкты кароо жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Мамажакыповдун жана ФЭБ башчысы Э.Сабыржановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинен 2022-жылга калган калдыктарды бөлүштүрүү жөнүндө долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 10-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинен калган 2 220 038 сом акча каражаты 2022-жылдын бюджетине өткөрүлүп берилсин жана төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.

- аппаратка 253 555 сом

- мектептерге 350 833 сом

- ЖКХ 1 536 600 сом

- бала бакчаларга 79 050 сом

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

Г.Мадалиев