ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 11
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы атайын каражаттарынан калган калдыктарды бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Мамажакыповдун Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган акча каражатын 2022-жылдын бюджетине өткөрүү жана кайра бекитүү жөнүндөгү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 10-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы атайын каражатынан калган 123 017 сом акча каражаты 2022-жылдын бюджетине өткөрүлүп төмөнкүдөй жумшалсын.
- Аппараттын атайын каражаттарына 123 017 сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Мадалиев |