Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы

2022-жылдын 21-январы № 13

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жергиликтүү тургундарга турак жай курууга жер берүү үчүн жердин аянтына чектөө киргизүү жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Мамажакыповдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда калктын санынын өсүүсүнө жана турак жай салуу үчүн бош жерлердин азайып кеткендигине байланыштуу турак жай куруу үчүн кайрылган жарандарга 0,10 га жер аянтын берүү боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 10-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айыл тургундарынын саны өскөндүгүнө жана турак жай куруу үчүн жер аянттарынын жетишсиздигине байланыштуу турак жай куруу үчүн 1 (бир) участканын аянты 1000 м2 болуп белгиленсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

Г.Мадалиев