Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы

2022-жылдын 21-январы № 15

 Чоң-Алай районунун өнүктүрүү фондуна алтын ылгоочу ЖЧКсы тарабынан, түшүүчү акча каражатынын пайызын кароо жөнүндө.

Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты С.Мойдуновдун Чоң-Алай районунун өнүктүрүү фондуна алтын ылгоочу ЖЧКсы тарабынан, түшүүчү акча каражатынын пайызын тактап айтканда 2 пайыздык көрсөткүчүн көтөрүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 10-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай районуна “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧКсы тарабынан бөлүнгөн 2 пайыздык көрсөткүчтү 7 пайызга көтөрүү боюнча сунуш берилсин.

2. “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧКсы тарабынан бөлүнгөн 2 пайыздык көрсөткүчтү 7 пайызга көтөрүү боюнча тиешелүү жогорку органдарга сунуштоо жагын Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы колго алсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

Г.Мадалиев