ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 17
Чоң-Алай районуна караштуу Алтын-Мазар участкасындагы мурдагы метерологиялык станциянын ордун курулуштары менен Гидрометерология кызматына берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометерология ызматынын 2021-жылдын 17-декабрындагы № 08/1699 чыгыш сандуу катына ылайык Чоң-Алай районуна караштуу Алтын-Мазар участкасындагы мурдагы метерологиялык станциянын ордун курулуштары менен Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алынып Гидрометерология кызматына берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 10-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай районуна караштуу Алтын-Мазар участкасындагы мурдагы метерологиялык станциянын орду курулуштары менен өлчөнүп, такталып, баланстык баасы койулуп Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алынсын.
2. Алтын-Мазар участкасындагы метерологиялык станциянын орду курулуштары менен Гидрометерология кызматына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Мадалиев |