ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 19
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акыларын бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Мамажакыповдун жана салыктар жана жыйымдар боюнча башкы адис А.Абжамиловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акыларын бекитүү боюнча сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 10-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин бир жылдык ижара акылары төмөнкүдөй болуп
- 1 гектар суулуу жердин ижара акысы 2000 сом өлчөмүндө
- 1 га кайрак жердин ижара акысы 1000 сом өлчөмүндө
- 1 га чөп чабынды жердин ижара акысы 800 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акыларын жогоруда көрсөтүлгөн өлчөмдө чогултуу жагы айыл өкмөт башчысы жана салыктар жана жыйымдар боюнча башкы адис А.Абжамиловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Мадалиев |