Сары-Булак айыл кеңеши
ТОКТОМ
Сары-Булак айылдык кеңешинин VI1 чакырылышынын кезектеги № 3-сессиясы
2021-жылдын 17-июлу № 3/2
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасы Турдубаев Студентин 2016-жылдан бери жайыт акыларынын жыйналышынын жана жумшалышынын абалы жөнүндө.
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасы Турдубаев Студентин 2016-жылдан 2021-жылга чейин жайыт акыларынын жыйналышынын абалы жана айыл айылдар боюнча аткарылган иш аракеттеринин абалы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасы Турдубаев Студентин 2016-жылдан 2021-жылга чейин жайыт акыларынын жыйналышынын абалы жана айыл айылдар боюнча аткарылган иш аракеттеринин абалы боюнча маалыматы талапка ылайык эмес деп белгиленсин.
2. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасы Турдубаев Студентин эмгек тартибин сактабагандыгы жана 2016-жылдан ушул мезгилге чейин жайыт акылары боюнча отчет бербегендигин, кызматтык жоопкерчилиги жок экендигин эске алуу менен Сары-Булак айылдык кенешинин (7-шайланган ) № 3-сессиясынын заседаниесинин жыйналышыда акыркы эскертүү жазасы белгиленсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Булак айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Матиев |