Загрузка документа…
Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы
2021-жылдын 24-январы № 8-1
Ноокат районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгынын 2021-жылдын №01-08/120 жазма буйругуна жана 2021-жылдын №01-14/459 сунуш катына негиз, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Көк-Жар айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Аудиттин жыйынтыгы айыл өкмөтүнүн аппараттык жыйынында каралып, тийиштүү адистердин жоопкерчилиги талкууланып, мындан ары катачылыктарга жол бердирбөө жагы эскертилсин.
2. Кызматтык сапарларга чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 “Командировкалык чыгымдардын ченемдерин белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
3. “Ош электро” ААКоому менен ижара келишимин түзүү, 81,1 сом ижара акысын өндүрүү жана жергиликтүү бюджетке чегерүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна жана айыл өкмөтүнүн юристи Ж.Сарыбаевге милдеттендирилсин.
4. Электр энергиясын пайдаланууга бекитилген лимиттен ашыкча пайдаланбоосу ар бир социалдык мекеменин жетекчилерине эскертүү жагы айыл өкмөтүнүн электриги Б.Жакыповго милдеттендирилсин.
5. “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2019-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” №72 Мыйзамынын талаптары толук сактоо жана иш алып баруу жагы, “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору А Акматовго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: | Т. Пирматов |