Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы

2022-жылдын 24-январы № 8-2

 “Абшыр Таны” СПАсынын 2021-жылдын 6-декабрындагы № 6-каты жөнүндө.

“Абшыр Таны” СПАсы “Азия Өнүктүрүү Банкынын Суу ресурстарынын климаттык өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу” долбоорунун алкагында чарбалык каналдарды ондоо мезгилинде айыл тургундары менен тоскоолдук жараткан аймактарды жана каналга тиешелүү болгон чектерин мыйзам негизинде тактоо боюнча “Абшыр Таны” СПАсынын 2021-жылдын 6-декабрындагы №6-катына негиз, Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап,Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Абшыр Таны” СПАсы “Азия Өнүктүрүү Банкынын Суу ресурстарынын климаттык өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу” долбоорунун алкагында аткарылуучу жумуштарга жана 5% пайыздык кайтарымды, жумуш менен кайтарууга макулдук берилсин.

2. “Абшыр Таны” СПАсынын кенеши жана аткаруу дирекциясына менен биргеликте “Азия Өнүктүрүү Банкынын Суу ресурстарынын климаттык өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу” долбоорунун алкагында чарбалык каналдарды ондоо мезгилинде айыл тургундары менен тоскоолдук жараткан аймактарды жана каналга тиешелүү болгон чектерин мыйзам негизинде тактоо боюнча Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С Минбаевге жана Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер адиси М Калматовго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин мыйзамдуулук, билим берүү ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Т. Пирматов