Редакцияот 18.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы

2022-жылдын 18-февралы № 9-2

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Каранай айылынын тургуну Нарбаев Таалай Абдыганиевичке материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Каранай айылынын тургуну Нарбаев Таалай Абдыганиевичтин боор оорусу менен ооруп, даарылануу натыйжа бербегендигине байланыштуу, боор алмаштыруу операциясына көмөк көрсөтүү максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна негиз, Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Каранай айылынын тургуну Нарбаев Таалай Абдыганиевичтин боор оорусу менен ооруп, даарылануу натыйжа бербегендигине байланыштуу, боор алмаштыруу операциясына көмөк көрсөтүү максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна негиз жергиликтүү бюджеттин 70111-бөлүмүнүн 2824-бөлүчкчөсүнөн 70 000 (жетимиш мин) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп иш алып баруу жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С Минбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Т. Пирматов