Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясынын
(алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 24-январы № 3
«Ынтымак айылынын тургуну Бекташев Даниярдын жеке менчигиндеги жер тилкесинин максаттык багытын турак-жай багытынан коммерциялык багытка ѳзгѳртүү үчүн КНИИПтин Оштогу филиалы тарабынан иштелип чыккан башкы планды ѳзгѳртүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ.»
Ынтымак айылынын тургуну Бекташев Даниярдын жеке менчигиндеги жер тилкесинин максаттык багытын ѳзгѳртүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳгү арызын карап жана талкуулап чыгып,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамынын IV главасынын 31-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Ынтымак айылынын тургуну Бекташев Даниярдын жеке менчигиндеги жер тилкесинин максаттык багытын турак-жай багытынан коммерциялык багытка ѳзгѳртүү үчүн КНИИПтин Оштогу филиалы тарабынан иштелип чыккан башкы планды ѳзгѳртүүгѳ макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.(Н.Калматов)
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Мурзаев)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Каимов |