ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясынын
(алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 24-январы № 6
«Калкты ичүүчү таза суу менен жабдуу боюнча муниципалдык ишкана ачуу
жѳнүндѳ»
Айыл аймагынын калкын ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз жабдуу максатында,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамынын IV бѳлүмүнүн 31-беренесинин негизинде Отуз-Адыр
айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Айыл аймагынын калкын ичүүчү таза менен үзгүлтүксүз жабдуу боюнча «Отуз-Адыр ичүүчү таза суу» муниципалдык ишканасы ачылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.(Н.Калматов)
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Отуз-Адыр айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Беделов)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Каимов. |