ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясынын
(алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 24-январы № 7
«Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону,ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну,жашылдандырууну жана кѳрктѳндүрүүнү уюштуруу боюнча муниципалдык ишкана ачуу жѳнүндѳ»
Айыл аймагынын айылдарындагы турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону,ташып кетүүнү жана керектен чыгаруунуу,жашылдандырууну жана кѳрктѳндүрүүнү уюштуруу максатында,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамынын IV бѳлүмүнүн 31-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Айыл аймагынын айылдарындагы турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону,ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну,жашылдандырууну жана кѳрктѳндүрүүнү уюштуруу боюнча «Отуз-Адыр тазалык» муниципалдык ишканасы ачылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.(Н.Калматов)
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Беделов)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Каимов. |