Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 7–чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 24-январы № 7-3
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы жаңыдан курула турган балдар бакчасынын курулушуна акча каражат бөлүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы жаңыдан курула турган балдар бакчасын куруу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 20-беренсинин 6-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы жаңыдан курула турган балдар бакчасын куруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 7 000 000 (жети миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Көчкөновко жана ФЭБ башчысы Жанибек уулу Анарбекке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |