Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 7–чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 24-январы № 7-12
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл – Булак айылынын Куумайдан жаңы конушуна жана башка конуштарга Кызыл – Булак суу кампасынан таза суу линиясын тартуу үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл – Булак айылынын Куумайдан жаңы конушуна жана башка конуштарга Кызыл – Булак суу кампасынан таза суу линиясын тартуу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңеши:
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл – Булак айылынын Куумайдан жаңы конушуна жана башка конуштарга Кызыл – Булак суу кампасынан таза суу линиясын тартуу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1 000 000 (бир миллион ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |