Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 7–чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы

2022-жылдын 24-январы № 7-13

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу “Раян Кутчу Ата” жана “Ак Ниет Нуру” балдар бакчаларына интернет желесин орнотуу үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу “Раян Кутчу Ата” жана “Ак Ниет Нуру” балдар бакчаларына интернет желесин орнотуу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңеши:

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу “Раян Кутчу Ата” жана “Ак Ниет Нуру” балдар бакчаларына интернет желесин орнотуу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 200 000 (эки жүз миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Ажибаев