Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 24-январы № 7-14
Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын ишке ашыруу максатында акча каражат бөлүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 7-сессиясынын № 7-14 токтому менен бекитилген . Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 22-беренесинин негизинде Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагында катталган 16 жашка толбогон 100 балага спорттук ийримдердин кызматын төлөгөнгө субсидия берүү максатында Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын 2022-жылдын бюджетинен 100 балага 350 сомдон 350 000 сом акча каражаты каралсын.
2. Субсидия алууга талапкер балдардын саны 100 баладан ашса, балдарды тандоо боюнча комиссия түзүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бөлүнгөн 350 000 сом акча каражатын, ай сайын 35 000 сомдон которуп туруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |
|